Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия кубогуна жолдомо утуп алды.
Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун үчүнчү тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Япониянын курама командасы менен ойноду.
Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдындагы курама команда “I” тобунда Мьянманын, Түркмөнстан жана Япониянын курамалары менен бирге болчу.
Буга чейин биздин курама команда Мьянманы 2:0 менен, Түркмөнстанды болсо 1:0 менен утуп алган.
Ал эми Азиянын Кубогунун финалдык стадиясына өз тобунда алдыңкы орундарды ээлеген курама командалар катышат.
Бүгүнкү матч 1:1 тең чыгуу эсеби менен аяктагандыктан, ал биздин курама команданын турнирдик таблицада экинчи орунду ээлеп (7 очко) Азия Кубогуна катышууга жол ачты.