• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанга 281 унаа мыйзамсыз ташылып келген

13 Чын куран 2023 15:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга унаалар мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстанга 281 унааны мыйзамсыз ташып келүү жана аларды андан ары легалдаштыруу фактылары аныкталды.

«Унааларды алгачкы каттоону жана каттоого коюуну жүргүзүү үчүн Кыргызстандын каттоо органдарына АМТК үчүн жасалма документтер (автотранспорт каражатын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк, жөнөтүүчү өлкөдөн АМТКны каттоодон чыгаруу жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер, анда жөнөтүүчү өлкө катары ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер көрсөтүлгөн) берилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 285 млн 876 миң ​​484 сомду түзгөн.

Материалдар КБР МКЖ АДСда катталып, Башкы прокуратурага өткөрүп берилди

Количество просмотров: 60