• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанга акыркы 10 күндө 6063 россиялык келди

4 Тогуздун айы 2022 16:36 Бишкек Govori.TV

21-сентябрдан 3-октябрга чейин Кыргызстанда Россиянын 6063 жараны каттоодон өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Россиянын 170 миңдей жараны каттоодон өткөн.

Ал эми өткөн жылдын ушул эле аралыгында Кыргызстанда Россиянын 141 миң 323 жараны катталган.

Кошумчалай кетсек, Орусиядан Казакстанга 200 миңден ашуун орусиялыктар кирген. Алардын 70 миңи жеке идентификациялык номер алышкан.

Количество просмотров: 169