• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда убактылуу жашоого уруксат сурап кайрылган орусиялыктар көбөйүүдө

14 Чын куран 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөгө келген орус жарандары көбөйгөнүн билдирди.

ИИМ башчысынын орун басары Марат Кожаевдин айтымында, Орусиядан келгендердин арасында убактылуу жашоого уруксат сурагандар көп болгондуктан, миграциялык процесстер көзөмөлгө алынды.

Парламентте маалымат берген вице-министр буга чейин бир кварталда убактылуу жашоого уруксат сураган 350-400 арыз түшсө, бүгүнкү күндө мындай арыз менен кайрылгандардын саны 1055ке жеткенин кошумчалады.

ИИМдин маалыматына караганда, 1-январдан бери Казакстанга 457 миң чет өлкөлүк келген, алардын көбү Өзбекстандын жана Орусиянын тургундары. Кожаев 24-февралдан 11-апрелге чейин 130 миң орусиялык кирип, 120 миңден көбү чыгып кеткенин, былтыркы жыл менен салыштырганда бул эки эсеге көп экенин, ошол эле маалда пандемия учурунда чек аралар жабык турганын белгиледи.

«Ушу тапта казак жергесинде орусиялык 130 миң киши жүрөт, жыл башынан бери орусиялык 170 жана украиналык жети киши жарандык сурап кайрылган, былтыркы сандар дээрлик ушундай эле болчу», — деп тактады вице-министр.

Количество просмотров: 71