• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Кыргызстанга Александр Лукашенко келди

26 Жетинин айы 202517:43 Бишкек Govori.TV

Беларусь президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропорттон Александр Лукашенкону министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Сыйлуу конокко кыскача концерттик программа тартууланды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.

Количество просмотров: 110