Франциянын Кыргызстандагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп келген Николя Фай КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев жаңы элчини кызматка келиши менен куттуктап, кыргыз-француз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Элчи Николя Фай ыраазычылыгын билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.