Эртең Кыргызстанга Кытай берген COVID-19га каршы 150 миң доза вакцина жеткирилет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Кытайдан келген вакцина 75 миң кишиге жетет.
«Эртең, 19-мартта Кытайдан жөнөтүлгөн 150 миң доза «Синофарм» дарысын тосуп алабыз. Бул 75 миң адамга жетет. Өлкөгө «Спутник V» жана «Синофарм» дарылары келип баштагандан кийин калкты эмдеп баштайбыз. Ошондой эле «Ковакс» программасы боюнча дагы коронавируска каршы дарыларды күтүп жатабыз. Марттын аягында же апрелдин башында эмдөө иштери башталат»,-деди ал.