• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кыргызстанга Россиядан дагы 2 миң тонна үрөн келе жатат

17 Кулжа 2022 13:05 Бишкек Govori.TV

Быйыл Россиядан Кыргызстанга 12 миң 334 тонна үрөн алып келүү пландалган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана карантин бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, эгер ал үрөн келбегенде дыйкандар арасында таңкыстык жаралмак.

“Элдин нааразычылыгы 10 эсе көп болмок. Биз өз убагында аракет кылдык деп эсептейбиз. Батыштагы абалга жараша үрөндүн 30-40 пайызы келгенден кийин токтоп калды. Бүгүнкү күндө 12 миң тоннанын 10 миңи келди. Калган 2 миңи жолдо келе жатат. Үрөндөр кечигип жаткандыктан 36 миң гектар жерге 6 миң тоннасы эгилди. Калганы Балыкчыдагы атайын сактоочу жайда сакталып турат. Үрөндөр эмдиги жылы себилет”, — дейт ал.

Количество просмотров: 61