• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министри келди

8 Жетинин айы 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Аларды “Манас” аэропортунда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбековдор тосуп алышты.

Бүгүн тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленип, Түркиядан келген делегация Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен жолугушуусу өтмөкчү. Расмий жолугушуу ар кыл багыттар боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында өтөт.

Маалыматка ылайык, буга чейин Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин (AFAD) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен түзүлгөн кызматташуунун алкагында ӨКМдин адистерин тоодо куткаруунун кышкы жана жайкы окуу курстарына, издөө-куткаруу иштерине окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылган.

Количество просмотров: 92