• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасында 29 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды 

8 Теке 2023 13:16 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жана анын филиалдарынын 2021-2022-жылдарга карата ишине шайкештик аудит жүргүзгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 29 млн 69,5 миң сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинен:

  1. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын” филиалы боюнча товардык материалдык баалуулуктардын калдыгын иргеп текшерүүдө бухгалтердик эсепте турган 12 товардык материалдык баалуулуктардан 340,9 миң сомдук жетишпестик аныкталды (ордуна коюлду).
  2. “Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин” филиалы боюнча республикалык бюджетке которулууга тийиш ижара акысы 155,0 миң сомду түзгөн.
  3. “Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасынын” филиалы боюнча: тиешелүү техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүлбөй туруп, “Балыкчыдагы жылуулук жабдуу ишканасы” филиалы менен “Айкуп строй” ЖЧКсынын ортосунда 2022-жылдын 24-октябрындагы №64 “100м3 резервуарды 50м3 резервуар менен алмаштыруу боюнча” 1 130,4 миң сомго жумуштарды аткаруу боюнча келишими түзүлгөн жана иштер аткарылган. Откана көмүр менен иштегендиги аныкталды жана аны мазутка которуу боюнча болжолдонгон пландар кийин ишке ашкан эмес. Жыйынтыгында, резервуарды алмаштыруу зарылчылыгы жок болуп, азыркы убакытта резервуар тиешелүү түрдө ишке кирбей, 1 130,4 миң сом натыйжасыз чыгымдалган.
  4. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасынын” филиалы тарабынан берилген маалыматтар боюнча “Ак-Жол-2000” Ф/Ч тарабынан келишимде белгиленген калориясы 5120 кКал/кг “Д” маркасындагы көмүрдүн ордуна, калориясы 3520 кКал/кг жана 3320 кКал/кг көмүр алынып келинген. Бул жагдай “Майлуу-Суудагы жылуулук жабдуу ишканасынын” филиалы тарабынан лабараториянын текшерүүсү менен аныктаган. Анын натыйжасында “Майлуу-Суудагы жылуулук жабдуу ишканасынын” филиалына 1 853,3 миң сом (1128,6 т) зыян келтирилген.
  5. «Чүй «кристалл» ишканасынын филиалында баштапкы эсепке алуу документтери толук толтурулбай миң сомго, 203,1 миң күйүүчү-майлоочу майлар эсептен чыгарылган.
  6. Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды төлөөгө байланышкан бузуулар – 11 млн 24,1 миң сомду түздү, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча төлөмдөрдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 3, 4, 5, 6-пункттарын бузуу менен, оор жумуштарга жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарга кызматтык маянанын 25% өлчөмүндө кошумча төлөмдөр филиалдар тарабынан жүргүзүлгөн;
  7. Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана амортизациялоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарбоо – 10 млн 840,7 миң сомду түзгөн, бул “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы жер тилкелерин болжол менен 10840,7 миӊ сомго баланс эсебине коюлууга тийиш;
  8. Эсеп саясатынын талаптарын бузуу жолу менен тийешелүү эсептен чыгарууга чечими жок туруп, баштапкы баасы 299,8 миӊ сомго негизги каражат баланстан чыгарылган.
  9. Дебитордук жана кредитордук карызды эсепке алуудагы бузуулар – 253,0 миң сомду түзгөн;
  10. Мыйзам талаптарына ылайык конкурстар өткөрүлбөстөн 2 млн 945,4 миң сом сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүлгөн.
Количество просмотров: 114