Борбор калаанын төрт районунда кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер башталды. Көмүр камдоо 2022-жылдын июль айында башталган. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.
Ленин районунун аймагында төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы иштейт:
Ошондой эле, жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуу боюнча 20га жакын стационардык пункттар ачылат.
Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр базасы бар.
Октябрь районунун аймагында Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү 98а дарегинде «Глобал Азия Пропертис» ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.
Муниципалдык администрациялардын кызматкерлери райондордун МАБдары, үй жана кварталдык комитеттеринин төрагалары жана «Түндүк электр» ААКтын Батыш РЭС өкүлдөрү менен биргеликте райондун жашоочулары менен көмүрдү өз убагында камдоо, электр энергиясын тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануу, жаратылыш газына кошулуу жана жылытуунун альтернативдүү булактарына өтүү мүмкүнчүлүгүн кароо маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.