• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кышкы ЖРТ тапшырууга каттоо жүрүүдө. Жол-жобосу кандай?

19 Тогуздун айы 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Анын айтымында, ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

“Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет. 2023-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө, мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине уруксат берилбейт. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт”, — дейт ал.

Айнура Асан кызы каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керектелерин маалымдады:

• Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
• Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;
• ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
• Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

“Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт. Банктардын комиссиясы өзүнчө төлөнөт. Жогорку окуу жайларына өтүү үчүн негизги тестти сөзсүз тапшыруу керек. Медициналык жана фармацевтикалык адистикке өтүү үчүн предметтик тесттерди сөзсүз тапшыруу керек. Кээ бир адистиктерге кабыл алууда предметтик тесттин жыйынтыгы бар абитуриенттер артыкчылыкка ээ болот. Предметтик тесттер сегиз сабак боюнча сунушталат: химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты”, — деди ал.

Министликтин өкүлү кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь аралыгында жүгүзүлөрүн маалымдады.

“Алдын ала маалыматка караганда, 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууга катышат”, — деп айтты ал.

Количество просмотров: 355