• Шейшемби 7 Теке 2026
  • Вторник 7 Июль 2026

Колледждерге кабыл алуунун графиги бекиди

7 Теке 20269:55 Бишкек Govori.TV

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына колледждерге абитуриенттерди кабыл алуунун графигин бекитти.

Министрликтин маалыматына ылайык, документтер “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кабыл алынат.

Тандоо турлары төмөнкү күндөрү өтөт:

I тур — 13-июль;

II тур — 20-июль;

III тур — 27-июль;

IV тур — 3-август;

V тур — 10-август.

Эгерде бош орундар калса, кошумча кабыл алуу 17–21-август күндөрү өткөрүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү сынакка билими тууралуу документтин орточо баасынын негизинде катышса, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Ар бир турда абитуриент мамлекеттик билим берүү гранты (ваучер) үчүн бир арызды жана келишимдик негизде окуу үчүн дагы бир арызды тапшыра алат.

Педагогикалык адистиктерге тапшырууну каалаган абитуриенттер мамлекеттик билим берүү ваучерлерин алуу боюнча сынакка катыша алышат. Каттоо 13-июлдан 19-августка чейин бир нече этап менен жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 46