• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кытай менен Тажикстандын ортосундагы аба каттамдары жанданат

8 Кулжа 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Эки жылдык тыныгуудан кийин 23-июнда Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдары жанданат. Душанбе-Үрүмчү-Душанбе багыты боюнча каттамдарды China Southern Airlines авиакомпаниясы аткара баштайт.

Душанбедеги Кытай элчилигинин маалыматына караганда, бул багыт боюнча уча турган тажикстандыктар COVID-19га каржы эмдөөдөн өтүп же акыркы 24 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.

Ошол эле маалда элчиликтин билдирүүсүндө Душанбедеги «Диамед» диагностикалык борборунда тапшырылган тесттер гана жарактуу болуп, жүргүнчүлөрдөн аталган жайдын мөөрү басылган сертификаттар талап кылынары белгиленген.

Кытай менен Тажикстандын ортосундагы аба каттамдары 2020-жылы апрелде коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон. Душанбе-Үрүмчү-Душанбе каттамы менен көбүнчө Кытайдан Тажикстанга товар ташыган ишкерлер учушат.

Количество просмотров: 70