• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жакынкы мезгилде ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

28 Чын куран 2022 18:14 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетининтөрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев ички каттамдардын санын көбөйтүү максатында кичи авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле жарандык авиация тармагында кадрларды даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Бакыт Төрөбаев министрликтин алдына ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу максатында кичи авиацияны өнүктүрүү жаатында мамлекеттик программаны кабыл алуу боюнча чечимдин долбоорун даярдоо милдетин койду.

Белгиленгендей, жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт.

Ошондой эле ал ведомствого ата мекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 93