• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кытай Орусияга каршы санкциялардын айрымдарына кошулду

28 Бирдин айы 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Кытай АКШнын жана союздаштарынын Орусияга каршы санкцияларынын айрымдарына кошулду. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки «MSNBC» телеканалына берген маегинде билдирген.

«Пекин президент Путин менен Орусиянын эгемен өлкөгө басып кирген аракеттерин айыпташ керек», — деди ал.

Эске салсак, Украинадагы салгылашуулар бешинчи күндөн бери уланууда. Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объекттерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

25-февралда Россия Федерациясына каршы катаал экономикалык санкциялар киргизиле баштады.

Количество просмотров: 4619