Парижде өткөн паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышты.
Маматибраим Суранов дзюдо боюнча алгачкы беттешинде өзбекстандык атаандашына жеңилген.
Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетика боюнча жарышка түшүп 13-орунду ээледи. Айтунук Жоомарт кызы триатлон боюнча мелдеште 11-орунга татыды. Миргүл Болоталиева парапауэрлифтингден 86 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгып 8-орунга ээ болду.
Өзбекстандык спортчулар 10 алтын, 9 күмүш, 7 коло медалга ээ болушту. Казакстандык спортчулар 2 алтын, 3 күмүш, 5 коло алышты.
Жалпы эсеп боюнча Кытай 94 алтын, 76 күмүш, 50 коло менен 1-орунду алса, Улуу Британия 49 алтын, 44 күмүш, 31 коло менен 2-орунга ээ болду, АКШ 36 алтын, 42 күмүш, 27 коло медал алышып 3-орунга татышты.