• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
Wounded people lie on the ground after a suspected hit-and-run attack outside a sports centre, in Zhuhai, China, November 11, 2024, in this still image taken from a social media video. Social Media/via REUTERS THIS IMAGE HAS BEEN SUPPLIED BY A THIRD PARTY. NO RESALES. NO ARCHIVES.

Кытайда 35 адам каза болгон кол салуунун себеби иликтенүүдө

13 Жетинин айы 20249:45 Бишкек Govori.TV

Кытайда кеминде 35 кишинин өмүрү кыйылган, дагы 43 киши оор жараат алган окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Өлкөнүн түштүк аймагындагы Чжухай шаарында 12-ноябрга караган түнү спорттук борбордун жанында машыгып жаткан топ адамды жолтандабас машина сүзгөн.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, машинанын айдоочусу, 62 жаштагы эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган, азыр ал ооруканада жатат.

Каза болгондордун көбү улгайган адамдар жана өспүрүм балдар экени аныкталды.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жараат алгандарга тийиштүү жардам берүүнү жана кол салган адамды катаал жазага тартууну тапшырды.

Количество просмотров: 649