• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кытайда жер титирөөдөн кеминде 111 адам каза болду

19 Бештин айы 202310:55 Бишкек Govori.TV

Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясындагы жер титирөөдөн кеминде 111 адам набыт болуп, 220 адам жараат алды. Зилзала 19-декабрга караган түнү болгон.

АКШнын Геология кызматынын маалыматында, силкинүү күчү 5,9 баллды түзүп, очогунун тереңдиги 10 чакырымга кеткен.

Синьхуа мамлекеттик телеканал Ганьсуда 100 адам өлүп, 96 киши жараат алганын, Цинхайда 11 адам мерт кетип, 124 киши жаракат алганын кабарлады.

Количество просмотров: 107