Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV
Аткезчилик жол менен Кытайга алынып бараткан 11 тонна эшектин териси алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, табылган эшектин терилери ондатр териси катары декларацияланган.
«22-январда чек ара кызматкерлери тарабынан Нарын облусундагы Торугарт алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Кытайга бара жаткан МАN маркасындагы автоунаанын жүк салынган бөлүгүн текшерүү учурунда ондатрдын терилери салынган мүшөктөрдүн алдына жашырылган эшектин териси табылган. Эшек терилеринин жалпы салмагы 11 тоннаны түзөт. Аталган товар ондатр терилери катары декларацияланган. Бул боюнча тергөө иштери Нарын облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилди», — деп айтылат маалыматта.