• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыз-келиндер эмнеге радикалдуу топторго азгырылып кетет?

15 Аяк оона 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Интернеттин өнүгүүсү менен диндин атын жамынган радикалдуу экстремисттик топтордун торуна жаш кыз-келиндер көп кабыла баштагандыгы байкалат. Бош убактысын баарын телефондо өткөргөн жаштар тыюу салынган радикалдуу топторго кантип азгырылып кеткенин өздөрү да байкабай калышат. Радикализмди карманган топторго кошулуп калган жаштар экстремисттик көз караштарга берилип, ошол гана идеяны бекем карманып башка адамдын пикири менен эсептешпей калат.

Негизи бул нерсе адам укугун, мыйзамдарды жана диний маалыматтарды так билбегендиктен да келип чыгат. Көбүнчө динди жакшы билбеген адамдар радикалдуу топторго тез азгырылып кетишет. Себеби алар кандай китеп окууну жана кайсыл жактан туура маалымат алууну билбейт.

«Кыздар үчүн үйдө сабак өтөбүз», — деген жарыяларды социалдык тармактардан окуп алышып, үйгө барып сабак алгандар да четтен чыгат. Ал жакта кайсыл уюм кандай сабак берээрин кызыгып көрүшпөйт. Бизде жаштардын критикалык ой жүгүртүүсү аябай төмөн болгондуктан, алар маалымат кандай берилсе ошондой кабыл алышат. Анализ кылууну, салыштырууну жана ал маалыматтын чын же калп экенин текшерүүнү да билишпейт.

Айыл жергесинде болсо мектепти бүткөн окуучуларды кээ бир ата-энелер чет өлкөгө иштеп келгени жиберишет, же болбосо үч айлык курстарга берип андан ары билимин улантууга мүмкүнчүлүк бербей иштетип коюшат. Кыздардын бир кесипке ээ болбой чала сабат калгандыгы аларды аялуу катмарга кошот. Канчалык сабатсыз болсо, шектүү агымдарга азгырылуусуна шарт түзүлө берет.

Жалган маалыматтарга азгырылып, шектүү агымдардын торуна түшүп калбоо үчүн  кайсы жерлерден салттуу  диний билим алууга болоорун Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков айтып берди:

Исакбай Мурзабеков

«Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамына ылайык диний сабактарды жекече окутууга тыюу салынган. Расмий түрдө диний окуу жайы болуп катталып, уруксат алып андан кийин гана окутса болот. Окутканда да дипломдуу гана адистер окутушу керек. Жеке үйдө окутууга мыйзам тыюу салат. Кээде жарандар адашып туура эмес китептерди окуп калуусу мүмкүн. Же болбосо туура эмес идеологияны тутунган адамдардан динди үйрөнүп калуусу мүмкүн. Мунун баарын алдын алуу максатында 2014-жылы Коргоо кеңеши чоң чечим кабыл алып, Кыргыз Республикасынын диний багыттагы саясатынын 2014-2020жж карата Концепциясын кабыл алынган. Концепцияны аткаруу алкагында медреселерден сырткары баардык каалоочулар келип диний маалыматтарды жана ибадаттарды алып, үйрөнүп кетүүчү борборлорду ачууну жолго койгонбуз. Хужрада окуунун жолун тосуу жана бөгөт коюуу максатында мамлекетибиз атайын аялдардын дин боюнча туура жана так маалымат алуусу үчүн борборлорду ачууда.
Кыргызстандын түштүк аймагындагы үч облусунда жана Ош шаарында аялдардын 23 диний окуу борборлору иштеп жатат жана каттоо алдында 5-6 борбор турат. Бул борборлор расмий түрдө каттоодон өтүп, дипломду адистердин окутуусунда. Каалоочулардын баары келип билим алса болот. Аялдарды окутуу борборлорунда Дин иштери боюнча мамлекеттик кызматкерлери жана Укук коргоо органдарынын кызматкерлери да атайы сабак өтүп турушат, аялдар диний гана эмес укуктук жана мыйзамдык жактан да билим алышат. Радикалдуу экстремисттик топторго азгырылып кетпөөсү үчүн мамлекет тарабынан чоң көзөмөл жүргүзүүдө. Дин кызматкерлер менен чоогу диний уюмдардын жетекчилери, диний окуу жайдын жетекчилери чогу иш жүргүзгөндүктөн өлкөбүздө абдан жакшы жылыштар болуп жатат»,-деди Мурзабеков.

Эрте турмуш курган кыздардын инсан катары көз караштары калыптанып бүтпөй, критикалык ой-жүгүртүүсү төмөн бойдон калып, алар турмуштун татаал түйшүгүнө эрте аралашып, стресске кабылышат. Ал эми турмуштан ажыраган соң жаман маанайда жүрүп жакшы мамилеге аябай суусап турган мезгилде, жаш кыздарды социалдык түйүндөрдөн радикалдуу көз карашты карманган жарандар жылуу жумшак сөздөр менен азгырып алат. Ал эми кыздар андай мамилени көрбөгөн жана жакшы сөздөрдү укпаганы үчүн, ымандай сырын ачып акыры жүрүп отуруп ал топторго кошулуп кетип жатат.

Бирок практика көргөзгөндөй радикализмди кармангандарга бир гана турмуштан ажыраган эмес, бакубат жашаган үй-бүлөнүн кыздары да азгырылып кетишет. Анын себептерин билүү үчун биз  «Аялдар тынчтык банкы»  коомдук фондунун директору Гульсана Абытовага кайрылдык.

Гульсана Абытова

«Радикалдуу көз карашты кармангандар бай, колунда бар үй-бүлөлөрдүн кыздарын да азгырып кетишет. Анын себеби ата-энеси эртеден кечке иште болуп, кечинде болсо үй оокаты менен алек болуп балдарына көңүл бурбаганы. Балага ата-эне тараптан сөзсүз көңул буруу болуш керек, бала өз кыжаалатчылыгын же сүйүнүчүн атасына же апасына айтып туруш керек. Ал эми ата-эне болсо баласынын ар бир сөзүн угуп, кеп- кеңешин айтып же жөн гана колдоп туруш керек. Канчалык бала өз ата-энесинен алыс болсо, ал ошончолук жаман топторго кошулуп кетүү коркунучу бар. Анткени бала өзү жалгыз калган маалда интернеттен өзүнө дос таап кыжаалатчыгын, муктаждыктарын же жөн гана ойлорун виртуалдык досуна айтып баштайт. Ал эми виртуалдык досу болсо ага жакшы, жылуу жумшак сүйлөп өз уюмуна кошо баштайт, бала болсо эч качан андай жакшы сөздөрдү укпаганы үчүн тез эле алданып калат. Кээде жолдошу менен ажырашкан кыздарды да үйгө батырбай жаман сөз сүйлөп көңулүн оорутуп алабыз. Алар да жогороду айтылгандай эле ар кандай тыюу салынган топторго азгырылып кетишет. Андыктан ата-эне сөзсүз өз баласы менен мамилесин чыңалтып жана анын үстүнөн иштеп туруусу зарыл»,-дейт Абытова.

Радикалдуу экстремисттик топторго аралашып кеткендердин арасында балдар үйүнүн тарбиялануучулары да бар. Өз үй бүлөсүндө зордук-зомбулукка кабылгандар жана финансы жактан кыйналгандар да кездешет.

Балдар үйүн тарбиялануучулары даяр тамакка, даяр үйгө көнүп калып, ал жактан чыккан соң же үйү жок же акчасы жок көчөдө калышат. Аларды чоң үй жана көп акчаны убада кылып азгырып кетишет. 

Үйүндө өз атасы тарабынан зордук-зомбулукка кабылган кыздар да аялуу катмарга киришет. Үйүндө болуп жаткан зордукка чыдабай жакшы сүйлөгөн адамдарга кошулуп алар менен чоогу жүргөндү артык көрүшөт. 

Ал эми ар кандай уюмдарга азгырылып кетпөө үчүн расмий окуу борборлорунда билим алып жана расмий басылып чыккан китептерди гана окуу зарыл. Андан сырткары аял кишилер мечиттерге барса болот. Мечиттерде атайы аялдарды кабыл алуу күндөрү бар, сиздерди кызыктырган суроолорду берип жоопторду алсаңар болот.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, теле-радиодо туура жана так маалыматтарды көбүрөөк чыгаруу жана коомчулукка жайылтуу жолу менен гана биз радикалдуу топторго азгырылуунун алдын алсак болот.

Бул макала Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Эксперттерге собол салып жана өз пикири менен бөлүшкөн блогер, жарандык активист Айсулуу Аскарбекова

Количество просмотров: 611