• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Азия чемпионаты: Бүгүн килемге кыз-келиндер күрөшү боюнча 5 спортчу чыгат

9 Чын куран 20269:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты уланууда.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, бүгүн, 9-апрелде мелдештин төртүнчү күнүндө килемге кыз-келиндер күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 53, 57, 62, 65 жана 72 кг салмак категорияларында байге орундары үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын курама командасынын балбандары:

  • 53 кг — Азиза Келдибекова;
  • 57 кг — Танчолпон Кыбалбекова;
  • 62 кг — Дилназ Сазанова;
  • 65 кг — Гулнура Таштанбекова;
  • 72 кг — Нурзат Нуртаева.

Алдын ала кармаштар саат 11:30да башталат.

Ал эми финалдык беттештер 18:00дө башталып, 68 кг чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова жана 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы алтын үчүн беттештерди өткөрөт.

Количество просмотров: 147