• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыздарды кордоп сойкулукка иштеткен аял кармалды

28 Жетинин айы 20189:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун аймагында сойкукана иштетип жүргөн фактынын бети ачылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, сойкукананын ээси ал жердеги кыздарга кордук көрсөтүп, зомбулук менен иштетип жүргөн.
Кыздардын айтымында, сойкукананы иштеткен айым кыздарды алдоо жолу менен жумуш таап берүү максатында алып келип, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбай камап, сойкулукка мажбурлаган. Аталган жайда кордук көргөн 3 кыз облустук милицияга арыз жазып, учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Количество просмотров: 32