• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кызды зордуктоого аракет жасаган таксист мурда боюнда бар аялга асылган

28 Жетинин айы 2018 16:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Кармалган эркектин коңшусу анын мурдагы кылыктарын айтып берди.
Бишкекте жүргүнчү кызды зордуктаганга аракет жасаганга шектүү таксист, мурда да боюнда бар аяга асылган. Бул тууралуу «Lenta.kg» маалымат агенттигине кармалган эркектин коңшусу айтып берди.
Анын айтымына караганда, окуя мындан үч жыл илгери болгон.
«Бул киши мурда Павлов көчөсүндө жашачу, мен андан алыс эмес жерде турчумун. Аны бардык эле кошуналар билишет, ал чындап эле кыздарга асылып, антээрдин алдында алар үчүн тооп кылууну сунуш кылчу. Андан сырткары, менин бир таанышым бар, ал ага зордукталып, бирок паспортунун жоктугунан арыз жаза алган эмес. Ал мындан бир нече жыл мурун анын үйүнө таксист кирип, зордуктоого аракет жасагандыгына арызданган. Баарынан да анын ошол мезгилде боюнда бар болчу! Аны күч колдонгон жок, тийишкен жок дей беришет. Ага карата арыз да жазышпайт, анткени бизде менталитет ошондой», — дейт ал.
Андан сырткары, ал аял таксисттин аябай сак жана коркок экендигин кошумчалады. Андан да коңшулары анын атынын ким экендигин да билишпейт.
«Ал абдан коркок адам, анткени ага катуураак кыйкырып койсоң качып кетет. Ал ар кайсы жолу ар кандай болуп таанышчу. Кээ бирлери аны Абдулла дешсе, айрымдары Самат дешет. Таң калыштуу адам» — деп белгилейт ал.
Эске салсак, кечээ Instagram социалдык тармагында зордуктаганы калган таксисттин колунан куткарып алган кыздын видеосу таркады.
Аялдын кыйкырган үнүн угушуп, эки киши машинага жакын басып келишти. Эшикти ачып, алар кыйкырып жаткан кызды кучактаган таксистти көрүштү.
Кийинчерээк Бишкек ШИИБ ал кишинин кармалгандыгын билдирди. Ал 49 жаштагы Б.Ч. болуп чыкты. Кыз да өз кезегинде зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу арызын жазды.
Количество просмотров: 28