• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутаттарга дагы пенсия жетишсиз

3 Тогуздун айы 2018 19:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.10.2018. Govori.TV
 Учурда пенсия маселеси бардык жерде курчуп турган чагы. Ал эми биздин депутаттар канча пенсия алаары баарыбызга кызык. Маалыматка ылайык эң аз пенсияны депутат Айнуру Алтыбаева алса, ал эми эн көп 60 мин сомго жакын пенсияны Мыктыбек Абдылдаев алаары белгилүү болду.
Эмгек жана социалдык онүгүү министригинин орун басары иштеп жаткан пенсионерлер чет өлкөгө чыга алат деген пикири чуу жаратып, мындан улам коомдо депутаттар гана пенсиясы саякаттоого мүмкүн деген кептер айтылды.
Көрсө депутаттардын пенсиясы деле саякаттоого жетпейт экен.
Депутат Карамат Орозова жана Айнуру Алтыбаеванын айтымында, алардын пенсиясы менен саякаттоого мүмкүн эмес.
Ал эми Жогорку Кенеште 120 депутаттын арасында  пенсионер бар. Алар пенсиясын да, айлыгын да алышат.
Атайын маалыматка ылайык, эң көп пенсияны депутат Мыктыбек Абдылдаев алаары белгилүү болду. Анын бир айлык пенсиясы 60 миң сомду түзөт.
Мындан сыркары башка эл өкүлдөрүнүн пенсиясына баам салсак:
Салайдин Айдаров- 16 528 сом
Анвар Артыков- 23 222 сом
Айнуру Алтыбаева – 6176 сом
Дастан Бекешов – 6796 сом
Абдимуктар Маматов – 17 177 сом
Исхак Масалиев – 28 446 сом
Карамат Орозова – 10 697 сом
Бакирдин Субанбеков – 48 401 сом пенсия алаары белгилүү болду.

Количество просмотров: 27