• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

«Кызматтарды бөлүшпөгүлө» деген жигитти Жапаровду колдоо митингинен сүрүп чыгарышты

8 Тогуздун айы 2020 14:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-октябрда Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп жатат. Колдоо митингине келген  Нурсултан аттуу жигит кызматтарды бөлүштүрүп жаткандарга нааразы пикирин айтты.

«5-октябрь күнү «Ала-Тоо» аянтында өткөң митингге катышкам. Эртең менен ойгонсом эле кызматтарды бөлүштүрүп жатышыптыр. Мен алардын баарына каршымын. Ошол күнү нааразычылык акциясына чыканыма бүгүн кайра өкүнүп жатам», — деди ал.

Анда Садыр Жапаровдун тарапташтары Жапаров легитимдүү өкмөт башчы экенин айтышып, жаш жигитти митингден кетүүсүн талап кылышты.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/716083399256913/


Количество просмотров: 400