• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Кызыл-Кыяда бажы кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

11 Бугу 202417:50 Бишкек Govori.TV

«Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны опузалып пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдириштию

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Кызыл-Кыя автожолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан аталган аймакта иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу боюнча системалуу түрдө уюшулган коррупциялык схема аныкталды.

Мындан улам, үстүбүздөгү жылдын 9-майында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кызыл-Кыя автожолу» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын бажы кызматынын улук нөөмөтчүсү, бажы кызматынын капитаны Ж.М.А. кармалды.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым кызмат адамдарын аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 406