• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Кызыл-Омпол» кенин казуу боюнча эл өкүлдөрүнүн пикири

22 Бирдин айы 2024 13:33 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда Кызыл-Омпол уран кенин кайра иштетүү маселеси көтөрүлдү. Жапаров Кызыл-Омпол кени аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салык түшөт жана пайдасы 100% Кыргызстанга калат, эл дагы байыйт. Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. Пайдасы ошол компанияда калмак. Биз былтыр ал ишкананын лицензиясын жокко чыгарып, мамлекетке алдык. Азыр «Кумтөрдү» кандай иштетип жаткан болсок, «Кызыл-Омполду» да 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да проценти жеке менчик же чет элдик компанияларга кетпейт», — деп билдирген Жапаров.

Жергиликтүү тургундардан, активисттерден, эксперттерден турган комиссия да түзүлгөнү белгилүү болду.

Жапаров мындан тышкары терең изилдөө иштери жүрүшү керектигин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Популисттик кадамдарга барбашыбыз керек. Терең изилдеп, зыяны болсо айтуу зарыл. Мен өзүмө-өзүм душмандык кылгым келбейт, элге өзгөчө. Мен дагы ушул жерде жашайм. Туугандарым, бала-чакам жашайт. Кантип мен аларга душмандык кылышым керек? Зыяны жок болсо айтышсын, эгер зыяны болсо «бул болбойт, тарых алдында жооп берип калабыз» деп айтып турушубуз керек»,-деген Жапаров.

Белгилей кетсек, 2019-жылы да уран казуу маселеси көтөрүлүп, ал бир катар нааразычылыктар менен коштолгон. Буга байланыштуу өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан.

Жогорку Кеңеш 2019-жылы 30-октябрда уран жана торий казууга каршы мыйзамды талкуулап, үчүнчү окууда кабыл алган.

«Кызыл-Омпол» кенин казуу боюнча эл өкүлдөрүнүн пикирин уктук…

Количество просмотров: 115