• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кызын куткарам деп». Түптө атасы менен кызы сууга чөгүп каза болду

11 Кулжа 202110:37 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Түп районунун Балбай айылында атасы менен кызы сууга чөгүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Түп районунун Балбай айылында (2011-жылы туулган) жаш кыз көлгө чөгүп кеткен. Атасы (1979-жылы туулган) кызды куткарам деп артынан түшүп, кошо чөгүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар, кыздын жана атасынын жансыз денелерин суудан алып чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 8083