Социалдык тармактарда Лазат Нуркожоеванын колун сураган мурдагы жигити Афтандил Сабырбеков жана анын бир тууганы Тариэлдин СИЗОдон бошотулганы тууралуу маалыматтар тарады. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту четке какты.
Соттун маалыматы боюнча, С.Т.Ж. менен С.А.Ж.га карата козголгон кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Учурда кылмыш иши күбөлөрдү суроо стадиясында.
Айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.
Эске салсак, Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат. Афтандил Сабырбековдун баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.
Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алган.