Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын камакта жаткан мурдагы жигитинин апасы бийликке жардам сурап, кайрылуу жасады. Ал мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге абактагы уулдары Тариэл менен Афтандил Сабырбековдорго жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.
«Уулдарыма жалган жалаа жаап, бекер эле камап коюшту. Бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алууңуздарды суранам. Мага жардам бериңизчи, балдардын жашоосун бузбаңыз», — дейт Гүлзат Сыдыкова.
Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат. Афтандил Сабырбековдун баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.
Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алган.