• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жеңиш парады 8-майга жылды. Депутат Масалиевдин нааразычылыгына Байсалов жооп берди

7 Чын куран 20259:48 Бишкек Govori.TV

Буга чейин президент Садыр Жапаров 9-май — Улуу Жеңиш майрамына арналган парадды 8-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Ал эми 9-май күнү Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышары айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул тууралуу өз пикирин билдирип, парадды жылдырбай эле койгон туура болмок деген оюн соцтармак баракчасына жазды.

«Мындай чын эле болгон эмес. КОВИД жылын эсепке албасак, дайыма Улуу Жеңишке арналган аскер парад 9-май күнү өтчү эле. Кайда кетип баратабыз? Жакында күндү түн деп айтса эмне кылабыз достор!?! Бир адам үчүн, мейли президент болобу майрам күнүн алмаштырышат. 35 жыл ичинде эмес, жалпысынан Улуу Жеңишти майрамдоонун бүткүл тарыхында биринчи жолу.
Аскердик парадды Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын биринчи орун басары кабыл алса болмок. Мен жаңылып жатамбы?», — деп жазды депутат.

Депутаттын салган суроосуна бир аздан соң эле Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берип, билдирдүү жазды.

Байсалов Масалиевди бийликтин ар кабыл алган чечиминен кыйкым издей берген адамдардын тобуна кошулбоого чакырды.

«Сиздики туура эмес! Юбилейлик жылдары мамлекет башчысы (2005 жана 2010-жылдары милдетин аткаруучу) Москвадагы Жеңиш парадынын ардактуу конокторунун катарында болгон. Муну сиз билесиз. Альтернативалуу вариантты элестетип көрөлү: “Садыр Жапаров 9-майда Бишкекте өткөн параддан улам Москвага учуудан баш тартты” – баарынан да, күтүлгөндөй эле, айыптоолорду сиз айтасыз. Сиз ар дайым өткөндөрдүн элесин башкалардан көбүрөөк баалайм деген ойдосуз. Андыктан, сурооңузга жооп берип жатып, урматтуу Исхак Абсаматович: “Сиздики туура эмес”. Ар бир бийликтин чечиминен ката же кылмыш издегендерге кошулбаңыз», — деп жооп берди ал.

Количество просмотров: 540