• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Легендарлуу» Манас Арабаев кызматынан бошотулду

15 Бугу 2018 10:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.05. 2018. Govori.TV

Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу сот органдарындагы өздүк булактардан билдиришти.

Ал эми Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн кабарлашы боюнча, Манас Арабаевди бошотуу боюнча Президенттин жарлыгы чыккан.  Анда ал   «КРнын Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2 пунктуна ылайык кызматынан бошотулган.  Демек, ал саясий жетекчиликтин саясий чечимдерине ишмердиги дал келбегендиктен жана саясий жетекчиликтин ишениминен чыкканынан улам кызматтан алынган.

 

Манас Арабаевдин соттордун үстүнөн караганы, көп соттук иштерге түз кийлигишип, саясий буйруктарды соттор аркылуу аткарып келгени тууралуу көп айтылган. Ал Алмазбек Атамбаевдин учурунан бери иштеп, сотторго кийлигишээри тууралуу биринчи жолу саясатчы депутаттар Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаевдер айтып чыккан.

Жакында эле анын Карганбек Самаковдун ишин көзөмөлгө алганы тууралуу да айтылган. 

Количество просмотров: 4