• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды

25 Бештин айы 2023 13:13 Бишкек Govori.TV

Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагындагы диний ырым-жырымдарды колдонууда мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерди сактабай, жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдо аныкталды.

Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен катталып, сотко чейин өнүдүрүш иши башталган.

«Текшерүү иштеринде Лейлек районунун мечиттеринин биринин имам хатиби 63 жаштагы М.М. аттуу жаран октябрь айында жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйгандыгы, район аймагында жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган 2 факты аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 83