5-майда, саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Раззаков көчөсүндө сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын пресс-борбору билдирет.
ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ жана 6 куткаруучу тартылган.
Мындан сырткары облустун Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, Сумбула айыл аймагында саат 18:50 чамасында жааган жаандын кесепетинен Андарак айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган сел сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдон сел жүрүп, өтүүгө кыйынчылык жаралган. Жерине №13 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.
Саат 21:00гө карата учурда Сүлүктү шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылды.
Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо ишин жүргүзүшүүдө.