• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Лейлек менен Тажикстандын Гафуров районунун башчылары жолукту

19 Бугу 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү.

Район башчылары 29-30-апрелде болуп өткөн куралдуу жанжалдан улам пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн,эки тарап тең кыска аралыкта тактоо жумуштарын аяктоо менен, жакынкы аралыкта маселелерди чечүү аракеттеринин жыйынтыгы боюнча байланышууну макулдашышты.

Ошондой эле тийиштүү жетекчилер, чек аралаш аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн, чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, кечээ Баткен жана Согди облустарынын башчылары да аталган маселе боюнча жолугушкан. Алдыда Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин да жолугушуусу күтүлүүдө .

Количество просмотров: 282