• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Ташиев менен жолукканын айтты. Эмне тууралуу сөз болгон?

16 Бирдин айы 202611:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан улам жаралган айрым кептер тууралуу пикирин билдирип, бир катар суроолорго жооп берген.

Маегинде Жапаров Ташиев менен ал кызматтан алынгандан кийин жолукканын айткан. Журналист жолугушууда эмне тууралуу сөз болгонуна кызыккан.

» Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт.

Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү. Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет», — деди президент.

Эске салсак, 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келди.

Садыр Жапаров “Кабарга” берген интервьюсунда кызматтан алардын алдында Камчыбек Ташиевге телефон чалып, айтканын билдирди.

Количество просмотров: 455