• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Лейлекте куюн үйлөрдүн чатырын алып кетти

1 Бугу 2020 16:45 Бишкек Govori.TV

Баткенде катуу куюндун кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-апрелге караган түнү Лейлек районунда ылдамдыгы секундасына 28-33 метрге жеткен шамал жүрдү.

Куюндун кесепетинен жети орто мектептин (75 даана шифер), 33 үйдүн (476 даана шифер) жана 15 чарба курулушунун (248 даана шифер) чатыры талкаланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү жаратылыш кырсыгы келтирген зыянды эсептеп жатат.

Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Соңку күндөрү Кыргызстанда жаан жана тоолордо кар жаап, туруксуз аба ырайы болууда. 

Количество просмотров: 274