• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасында «Достук» көпүрөсү ачылды

1 Тогуздун айы 2019 9:34 Бишкек Govori.TV

30-сентябрда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында «Достук» деп аталган көпүрө салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Белгилүү болгондой, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана башка бир топ жетекчилер, эки тараптын жергиликтүү тургундары катышты.

Бул көпүрөнүн ачылышы эки элдин достугун бекемдөөгө шарт түзөт. Буга чейин ата-бабаларыбыз достукта, ынтымакта жашап келишкен. Мындан ары 16-сентярдагыдай окуя болбосун. Эки элдин тынчтыкта, биримдикте жашоосуна түрткү болгон көпүрө болсун, — деди Акрам Мадумаров.

Кыргыз-тажик аксакалдары элди ынтымакка чакырып, бата беришти.

Количество просмотров: 71