• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө толугу менен ачылды

23 Жалган куран 20269:31 Бишкек Govori.TV

Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Натыйжада көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге кеңейтилди.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалды.

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген.

Белгилей кетсек, буга чейин көпүрөнүн түндүк тарабы ачылган болчу.

Количество просмотров: 151