Лейлекте сел 200 баш малды агызып, унаа жолдорду жараксыз абалга алып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,19-май күнү саат 19:30 чамасында Лейлек районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн.
«Селдин кесепетинен Катраң айыл аймагынын Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун суу каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга алып келген. Унаалар үчүн жол жабык. Дам–Арык тилкесинде Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолунун 1-чакырымында орнотулган селден коргоочу тосмонун 80 метр аралыгын бузуп кеткен. Ошондой эле Баул айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп 200 баш майда малды агызып, 7 чакырым унаа жолу, 3 чакырым арык жана 4 даана электр мамычасы жараксыз абалга келген»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбийке айылында 5 турак үйдүн короосун, 6 чакырым арыкты, 3 чакырым унаа жолду жана Миң-Жыгач айылында 4 турак үйдүн огороддорун, 4 чакырым арыкты сел суулары каптаган.
Учурда калыбына келтирүү жана тазалоо иш-чаралары жүргүп жатат.