• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Лейлектеги 2 кыргыз жарандын уурдалышы боюнча Тажикстандын элчисине нота тапшырылды

26 Чын куран 2021 17:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-апрелде Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 24-апрелинде КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Тажикстандын элчисине Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандын компетенттүү органдарынын Кыргызстандын 2 жаранын уурдоого байланыштуу укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусу жөнүндө нота берилди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Нуран Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин белгиледи. Кыргыз тарабы болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды.

Ниязалиев учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нугунда диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигин белгиледи.

Эске салсак, 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймактагы Баткен облусунун Лейлек районунун Эски Оочу айылынын эки тургуну үй салып жаткан жерде түнөшүп, алар дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялап, бийликтен жардам сураган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен кошо коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулган.

Количество просмотров: 169