• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ленин округу боюнча кайра шайлоо: Үгүт иштери башталды

21 Баш оона 2023 11:37 Бишкек Govori.TV

№ 26 Ленин шайлоо округу боюнча кайра шайлоо боюнча үгүт иштери расмий башталды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Белгилүү болгондой, анда 25 талапкер ат салышат. Алгач 34 жаран арыз берген. Бирок БШК кээ бирлерин каттоодон баш тартса, айрымдары өзү баш тартышты.

28-майда бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Бирок анда добуш сатып алуулар көп болгондуктан БШК анын жыйынтыгын жокко чыгарган. Кайра шайлоо 10-сентябрда шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 61