• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Ленин округунан депутатты шайлоо башталды

10 Аяк оона 20239:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, саат 08:00дө Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо башталды.

Ленин районунда 127 миң 239 шайлоочу бар, анын ичинен 43,61 пайызы эркектер жана 56,39 пайызы аялдар. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат. Аталган округдан жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Теги:
Количество просмотров: 92