Орусиялык ырчы Григорий Лепс «Москва сүйлөйт» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда концерттеринин токтотулушу тууралуу пикирин билдирип, аны «Россиянын атайын операциясына болгон позициясына» байланыштуу экенин айткан.
«Алар өз өлкөсүнүн кожоюндары, бирөөнү киргизгенге да, бирөөнү киргизбегенге да укуктуу. Бирок мунун музыкага эч кандай тиешеси жок, музыка саясаттан тышкары болушу керек. Менин билишимче, аларга менин «Россиянын атайын операциясына» байланыштуу оюм жакпай жатса керек», — деген ал.