• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Лейлектеги селден жабыркагандарга курулуш материалдары жеткирилди

11 Кулжа 2018 8:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.06.2018. Govori.TV

Селден жабыркаган Лейлек районунда селден турак жай эээлерине алгачкы материалдык жардамдар жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы төмөндөгүдөй маалыматты таратты.

«2018-жылдын 9-июнь күнү саат 16:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында сел жүргөн.
Лейлек айыл аймагындагы Кара-Суу айылында 5 турак үйдү, 1 балдар бакчасын, 50 турак үйдүн жер тилкелерин сел каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү жана 2 электр мамычасын сел суулары агызып, электр энергиясы үзгүлтүкө учураган. Ак-Терек айылында 4 турак үйдү, 30 турак үйдүн огороддорун сел каптап, 12 баш ири мүйүздүү малды сел агызган жана 800 метр суу түтүктөрү селден жабыркаган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 278- жана 320-чакырымдарындагы тратуардын 30 метрин сел алган, жол каттамы ачык; Ак-Терек айылында 4 турак үйдү, 40 турак үйдүн жер тилкелерин, 4 ички чарбалык көпүрөнү сел каптап, 200 метр суу түтүктөрү селден жабыркаган. Ошондой эле Коргон айылында ички чарбалык арыктарды жана 15 турак үйдүн жер тилкелерин сел суулары каптаган.
Катраң айыл аймагындагы Катраң айылында 6 турак үйдү, 7 турак үйдүн жер тилкелерин сел каптап, 6 баш ири мүйүздүү малдарды сел агызган. Коргон-Катраң-Баул ички чарбалык унаа жолунун 16-21-чакырым аралыгын жана Коргон-Катраң-Өзгөрүш ички чарбалык унаа жолунун 0-13-чакырым аралыгынын ар кайсы жеринен сел каптаган, жол каттамы ачык. Өзгөрүш айылында 3 баш ири мүйүздүү малды сел агызган.
Сумбула айыл аймагындагы Көк-Таш айылында ички чарбалык жолдун 3,5 чакырым аралыгын сел каптап, 1 ички чарбалык көпүрө авариялык абалга келген;
Тогуз-Булак айыл аймагындагы Айбике айылынын ички чарбалык жолунун 5 метр аралыгын жана ички чарбалык арыктардын 500 метр аралыгы сел калдыктарына толгон, жол каттамы ачык;
Ак-Суу айыл аймагындагы Самат, Замборуч, Жар-Кыштак айылдарына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 12-13-чакырымдарын сел каптаган, жол каттамы ачык.


Жалпы район боюнча 16 турак үйгө, 1 балдар бакчасына сел суулары кирип, 112 турак үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малдарды суу агызып кеткен.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга жеринде КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылып, КР ӨКМнин 3-издөө-куткаруу отрядынан 53 куткаруучу, 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 14 куткаруучу, КР ӨКМ Лейлек райондук бөлүмүнөн 25 куткаруучу иштеп жатат. Андан сыртары, Катраң чек-ара заставасынан 14 кызматкер; РЭТ ишканасынан 2 бригада 2 УАЗ унаасы, райондук медицина бөлүмүнөн 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам, №13 жол тейлөө ишканасынан 2 грейдер, 1 жүктөгүч, айыл аймактан 2 самосвал, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган.
10-июнь күнү тартылган күч жана каражаттардын жардамында Кара-Суу айылындагы балдар бакчасы, 1 турак үй жана Катран айылында 2 турак үй жер тилкелери менен кошо сел калдыктарынан толугу менен тазаланган. Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолу тазаланып, жол каттамы бир тараптуу ачылган. Ал эми РЭТ ишканасынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу айылында 2 даана электр мамычасы орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери өлгөн 3 баш ири муйздүү малдарды көмүшкөн. Ошондой эле Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким — райондук Жарандык коргонуу башчысынын 2018-жылдын 10-июнь күнү №2/105 буйругунун негизинде Лейлек районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да селдин кесепеттерин жоюу иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар Катраң айылындагы чайканада түнөп калышты. 11-июнь күнү иш-чаралар улантылат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен селдин кесепетинен жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүгө жана турак жайлары жабыркаган жарандарды чатырларга жайгаштыруу максатында КР ӨКМ тарабынан 10 орундуу 8 даана чатыр, 76 даана шейшеп жана жаздык тыштар, ар бири 20 литрлик 32 даана канистра, ар бири 14 литрлик 32 даана чака, 76 даана одеяло, 16 даана ашкана буюмдары, 32 даана брезент, 32 даана гигиеналык буюмдары КамАЗ унаасына жүктөлүп, Лейлек районуна жеткирилди.
Андан сырткары Лейлек районунда 10-июнь күнү саат 16:00 чамасында Сумбула айыл аймагында кайрадан жааган жамгырдын кесепетинен Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 14-16- жана 18-20-чакырымдарын сел суулары каптаган. Унаа жол бир тараптуу ачык»,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 3