Лидер айымдарды ар тараптан колдоо керек. Мындай пикири менен «Демилгелүү айымдар» коалициясынын төрайымы, КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөсү, Кыргызстандын агробизнесмендер ассоциациясы «Жер Азыгы» – аткаруучу директору Азиза Юлдашева билдирди.
Ал белгилегендей, айымдар коомдогу майда сезилгени менен маанилүү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, чечүүгө бел байлайт жана бул абдан жакшы.