Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алдында, футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын жана улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин басма сөз жыйынына катышты.
Башкы машыктыруучу «Өзбекстан улуттук курама командасы менен оюнга даярдык жакшы, жеңишке аракет кылабыз»,- деди.
Журналисттер оюнчу Алмазбековдун курамага эмнеге чакырылбаганын сурашты. Машыктыруучу мындай жооп берди:
«Футболчу Бекназ Алмазбековдун курамага чакырылбай калышынын себеби, ал өзүнүн клубунда көп оюн өткөрбөй жатат, ошондуктан чакырылган жок. Кийинки оюндарда Алмазбековду катарыбызга кошобуз» деп кошумчалады.
Футболчу Валерий Кичин «өзбекстандык ар бир футболчуга каршы ойнойбуз, эртеңки оюнда футболго кимдин даяр экендигин көрөбүз,» — деди.
Эртең, 10-сентябрда Кыргызстан улуттук курама командасы Өзбекстан менен оюн өткөрөт.