• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Азия кубогуна жолдомо утту

25 Аяк оона 202510:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун «F» тайпасындагы тандоо оюндарынын жыйынтыктоочу туру орун алды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, анда Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстан менен кез келди. Оюнда Кыргызстандын улуттук курама командасы 3-2 эсебинде жеңишке жетти.

Ошентип, курама командабыз 9 упай менен турнирдик жадыбалдын биринчи орунунан Азия Кубогуна түз жолдомону камсыздады.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы Азия кубогуна катышкан командалар 8 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган.

Финалдык баскычка тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда, экинчи орунду ээлеген 7 мыкты команда жана турнирдин ээси жолдомо алат. Жалпы турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Азия кубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын 14-31-май күндөрүндө Индонезияда өтөт.

Количество просмотров: 130