• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

12 Чын куран 2022 10:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада 5 өрт кырсыгы катталып, 8 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматкка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Чүй облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчурүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Ноокен районунун Чек айылында эс алуучу жайда жалпы аянты 235 чарчы метр дүкөн жана ашкана, 6 муздаткыч, 2 кондиционер, 2 духовка күйгөн. Өрттү өчүрүүгө кошумча «Кыргызнефтьгаз» ААКдан 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында турак үйдүн 56 чарчы метр шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Количество просмотров: 68